Коңшу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын атынан өзбек элин кемсинткен резонанс жараткан видео боюнча расмий билдирүү таратты.
Ведомство бул видео чагымчыл мүнөзгө ээ экенин жана Ташкент менен Москванын мамилесин начарлатууга багытталганын баса белгиледи.
Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ахрор Бурханов "Dunyo" агенттигине видеотасма жасалма болуп чыкканын айтты.
Анын айтымында, видео табылгандан кийин Ташкент дипломатиялык каналдар аркылуу Москва менен байланышка чыккан.
"Албетте, орус тарап дароо эле мындай кемсинтүүчү билдирүүлөр кимден болгонуна карабастан, абдан өкүнүчтүү экенин баса белгиледи. Текшерүүнүн жыйынтыгында бул материал чагымчыл мүнөздө экени жана биздин элдердин ортосундагы мамилеге келишпестик жаратууга аракет кылган деструктивдүү күчтөр тарабынан ойдон чыгарылганы белгилүү болду", - деген Бурханов.
Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы видеодо бир улутту кемсинткен адамды аныктады. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, кеп Украинанын жараны, 1984-жылы туулган Николай Кочмарик жөнүндө болуп жатат.
Федералдык коопсуздук кызматы Кочмарик учурда Украинанын аймагында экенин баса белгиледи.