Түштүк Кореянын популярдуу "Игра в Кальмара" ("Кальмар оюну") сериалындагы ролу аркылуу таанылган актриса Ли Жу-щиль ашказан рагынан улам каза болду. Бул тууралуу түштүк кореялык басылмалар жазып чыгышты.
Актрисага үч ай мурун эле коркунучтуу диагноз коюлган. Ал өмүрүнүн акыркы күндөрүн Ыйжонбу ооруканасында өткөргөн. Акыры оорунун күчөшүнөн анын жүрөгү токтоп калган.
Актриса менен коштошуу жана акыркы сапарга узатуу зыйнаты 5-февралга белгиленген.
Ли Жу-щиль 1965-жылы актриса катары карьерасын баштаган. 1993-жылы ага эмчек рагы деген диагноз коюлган, бирок он жылдык күрөштөн кийин ал туруктуу айыгууга жетишкен. Ооруганына карабай актриса кино жана театрда ишин уланткан.
"Кальмар оюну" телесериалында Ли Жу-щиль башкы каармандардын бири, полиция кызматкери Хван Чжун-Хонун апасынын ролун аткарган. Ал 60тан ашык тасмага тартылган. Алардын арасында "Поезд в Пусан" (Пусанга кетчү поезд") жана ""День славы" ("Даңк күнү") сыяктуу тасмалар бар.