Футбол: Ламин Ямаль Лионель Мессинин жетишкендигин кайталады

Футбол боюнча Испания чемпионатынын 24-турудук оюнунун алкагындагы "Алавес" клубуна каршы оюнда "Барселонанын" 17 жаштагы чабуулчусу Ламин Ямаль укмуштуудай жыйынтык көрсөттү.

Тагыраагы, бул оюнда Ямаль 20 жолу атаандаштарын дриблинг менен алдап өткөн. Opta басылмасынын жазганына караганда, Ямаль муну менен "Барселонанын" тарыхындагы мындай жыйынтыкты көрсөткөн экинчи футболчу. 2007-жылы апрель айында Лионель Месси "Мальоркага" каршы оюнда дал ушундай жыйынтыкты көрсөткөн.

Жалпысынан Ламин Ямаль бул сезондо "Барселонанын" курамында 28 оюн өткөрүп, 10 гол киргизип, 15 жолу голдук пас берген. 23-турдан кийин "Барселона" Ла Лиганын турнирдик таблицасында "Реалдан" төрт жана "Атлетико Мадридден" үч упай артта келе жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан