"Хезболланын" 5 ай мурда өлтүрүлгөн лидеринин акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт

"Хезболланын" лидери Наим Касем 2024-жылдын сентябрында Израилдин аба соккусунан каза болгон кыймылдын мурдагы лидери Хасан Насралланын сөөгү 23-февралда акыркы сапарга узатыла турганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Насралла "Хезболланы" 30 жылдан ашык жетектеген жана Израилдин 27-сентябрда Бейруттун түштүгүндөгү топтун турумдарына бир катар чабуулдары учурунда өлтүрүлгөн. Анын мураскору оор жагдайлар сөөктү убактылуу көмүүгө аргасыз кылганын, бирок уюм азыр “салтанаттуу жаназа тажиясын” өткөрүү чечимине келгенин айтты.

Ошондой эле Насралладан бир жумадан кийин өлтүрүлгөн "Хезболланын" жогорку даражалуу командири Хашем Сафиеддин кайра жерге берилет

Ноябрь айында ок атышпоо келишими түзүлгөндөн бери "Хезболла" менен Израилдин ортосундагы салгылашуулар токтоду, бирок Израилдин учактары кыймылды келишимди бузду деп айыптап, Ливанга сокку уруусун улантууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан