UFC: "Шара Буллет" беттеш алдында жакын адамынан айрылганын айтты

"Шара Буллет" деген ат менен белгилүү болгон орусиялык мушкер Шарабутдин Магомедов Эр-Рияддагы турнирде Майкл Пейдж менен беттеш алдында чоң атасынан айрылган. Бул тууралуу мушкер өзү билдирди.

"Мени Дубайга чакырышты. Чынын айтсам, келгим келген эмес, бирок келишим керек болчу. Мен Дубайга кетеримде Дагестандагы чоң атама бармакмын. Бирок жумуштарымдын көптүгүнүн айынан бара албай калгам. Беттеш алдында чоң атамды жоготтум. Дагестанга барып, аны акыркы сапарга узата албай калдым. Чынын айтсам, бул оор сокку дагы жеңилишиме бир себеп болду. Ал учурда жан дүйнөм өз калыбында эмес болчу", - деди "Шара Буллет".

1-февралда Сауд Арабияда UFC Fight Night 250 турнири өткөн. Анда "Шара Буллет" британиялык Майк Пейджге калыстардын чечими менен утулуп калган. Турнирге орус мушкерин колдоп атактуу футболчу Криштиану Роналду дагы келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан