Кыргызстандын Спорттук лигасынын президенти болуп Кайрат Эгембердиев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Кыргыз футбол биримдигинен билдирди.
Спорттук лига - өлкөдөгү футбол ышкыбоздору арасындагы мелдештерди уюштурууга жооптуу уюм.
Белгилей кетсек, Кайрат Эгембердиев Кыргыз футбол биримдигинин Аткаруучу комитетинин мүчөсү жана Улуттук курама команданын расмий демөөрчүсү болгон "Шоро" компаниясыны башкы директору.