Баткенде облустук бийлик имараты күн энергиясы менен камсыздалды

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын имаратына күн панелдери орнотулду. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 20 кВттык күн панелдерин орнотуу иштери, өкүлчүлүктүн аппараты менен Кытайдын “Sun Energy Co” компаниясынын кызматташуусунун алкагында ишке ашты. Бул демилге экологиялык таза энергия булактарын пайдаланууну кеңейтүүгө жана мамлекеттик мекемелердин электр энергиясына болгон чыгымдарын азайтууга багытталган.
"Жергиликтүү бийлик мындай долбоорлорду мындан ары да колдоп, башка социалдык мекемелерди да альтернативдүү энергия булактарына өткөрүү боюнча иштерди улантат. Алдыда “Сан Энерджи Ко” ЖЧКсы тарбынан Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында 669,3 га жер тилкесине күн электр станциясы курулат. Долбоордун кубаттуулугу 250 МВт, инвестициянын суммасы 230 миллион долларды түзөт", - деп айтылат билдирүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан