Украинада 2025-жылдын аягына чейин шайлоо өткөрүү боюнча АКШ менен расмий сүйлөшүүлөр болгон эмес, бирок украин тарап бул маселени тиешелүү шарттарда кароого даяр. Бул тууралуу Украинанын АКШдагы элчиси Оксана Маркарова Suspilne телеканалынын эфиринде билдирди.
Анын айтымында, Украинанын позициясы өзгөрүүсүз бойдон калууда, шайлоо согуштук аракеттер аяктагандан кийин гана мүмкүн.
"Согуш учурунда биз добуш берүүгө жана талапкер болууга толук мүмкүнчүлүктү камсыз кыла албайбыз", - деп белгиледи дипломат.
Маркарова ошондой эле Украинанын АКШдагы элчилиги украин жана америкалык өкүлдөрдүн жолугушууларын уюштуруунун үстүндө иштеп жатканын билдирди.
Буга чейин АКШ президентинин украин чатагын жөнгө салуу боюнча атайын өкүлү Кит Келлог Вашингтон Киев менен Москва ок атышууну токтотууга жетишсе Украинада 2025-жылдын аягына чейин шайлоо өткөрүүнү каалай турганын билдирген.
Январь айында Украинанын президенти Владимир Зеленский шайлоо аскердик абал жоюлса эле болоорун айткан. Ага чейин азыркы бийлик Конституцияга ылайык, легитимдүү бойдон калууда.