Коңшу Казакстандын Транспорт министрлиги 25-декабрда Актауга жакын жерде кыйраган "Азербайжан аба жолдору" (AZAL) учагынын кыйроосу боюнча иликтөөнүн алгачкы жыйынтыктарын жарыялады.
Доклад 53 барактан турат.
"Бул отчётто берилген маалымат алдын ала болуп саналат жана бардык материалдарды изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча такталышы жана толукталышы мүмкүн", - деп айтылат документте.
Кошумчалай кетсек, комиссия "учак конструкцияларына келтирилген зыянды деталдуу экспертизалоо улантылууда" деп билдирди.
"Учактын сыныктарын алгачкы текшерүүдө арткы бөлүгүндө жана стабилизатордо, лифтте жана рульда ар кандай көлөмдөгү жана формадагы көптөгөн ачык бузулуулар аныкталган. Ушундай эле бузулуулар учактын сол кыймылдаткычында жана сол канатында, ошондой эле учактын тетиктеринде табылган. Кээ бир жерлерде бузулуу кадимки тик бурчтуу формага ээ", - деп жазылды анда.
Белгилей кетсек, 25-декабрда Azerbaijan Airlines авиакомпаниясынын Бакудан Грозныйга бараткан учагы Актау аэропортуна жакын жерде кулап түшкөн. Анын ичиндеги 67 кишинин 38и каза болуп, 29у аман калган. Алардын арасында үч кыргызстандык болгон.
Учак кырсыгында жаракат алган үч кыргызстандык: Эрлан Жунусалиев, Тилек Осмонов жана Ринат Асанов 30-декабрга караган түнү Казакстандан Бишкекке алып келинген.
28-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин Азербайжандын президенти Илхам Алиевге телефон чалып, болгон окуя үчүн кечирим сураган. Алиев өз кезегинде Орусиядан күнөөсүн моюнуна алып, күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылган.