Ишкер Аскар Салымбековго "Эмгек Баатыры" артыкчылык даражасы ыйгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
"Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн “Дордой ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмесинин ардактуу президенти Салымбеков Аскар Мааткабыловичке “Эмгек Баатыры” өзгөчө белгисин тапшыруу менен Кыргыз Республикасынын “Эмгек Баатыры” артыкчылык даражасы ыйгарылды", - деп айтылат маалыматта.
Белгилүү ишкер, коомдук ишмер жана меценат Аскар Салымбеков 1955-жылы 5-февралда Нарын облусунда туулган. Бүгүн ал 70 жашка чыгып, өздүк майрамын белгилеп жатат.
1991-жылы Бишкекте "Дордой" базарын негиздеп, кийин ал Борбор Азиядагы эң ири соода комплексине айланган.
1999-2005-жылдары Нарын облусунун губернатору, 2005-2009-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон.