Кремль Киевдин өзөктүк курал боюнча амбицияларын “акылсыздык” деп атады

Кремль Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин өзөктүк куралга ээ болуу жөнүндөгү билдирүүсүнө кескин жооп кайтарды. Орус лидеринин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, мындай билдирүүлөр "акылсыздыктын жеткен чеги".

"Жалпысынан алганда, мындай билдирүүлөр жана мындай сөздөр акылсыздыктын жеткен чеги. Өзөктүк куралды жайылтпоо режими жана башкалар бар", - деди Песков.

Кремлдин басма сөз катчысы ошондой эле европалык саясатчылардын азыркы мууну "көп нерсени каалап жатканына" карабастан, бул теманы талкуулоо "абсурд экенин жана анын потенциалдуу кооптуулугун" түшүнөт деген үмүтүн билдирди.

Буга чейин британиялык журналист Пирс Морган менен болгон маегинде Зеленский эгер Украина жакынкы келечекте НАТОго кабыл алынбаса, өлкө коопсуздукту камсыздоо үчүн өзөктүк куралга муктаж болорун айткан. Ал ошондой эле альянска мүчөлүк четке кагылса, Орусия Киев жоготкон аймактарды кайтарып бериши керектигин, анткени Украинанын НАТОго кирүү каалоосу аскердик кампаниянын максаттарынын бири катары аталганын кошумчалады.

Эске салсак, СССР тарагандан кийин Украина дүйнөдөгү үчүнчү өзөктүк держава болгон, бирок 1994-жылы Будапешт меморандумунун алкагында коопсуздук кепилдигин алып, өзөктүк арсеналдан баш тарткан. Орус президенти Владимир Путин Украинанын өзөктүк куралга ээ болушуна "бардык мүмкүнчүлүктөр менен" жооп болорун эскерткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан