Астрономдор 2024 YR астероидинин Жер менен түздөн-түз кагылышуусу 2,3 пайызды түзөт деп болжолдошууда. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.
НАСАнын Жерге жакын объектилерди изилдөө борборунун маалыматы боюнча, 2024 YR астероиди 2032-жылы Жердин жанынан өтөт. Космостук объект менен түз кагылышуу мүмкүнчүлүгү 2,3 пайызды түзөт.
2024 YR4 астероидинин чоңдугу футбол талаасынын көлөмүндөй. Окумуштуулар аны биринчи жолу 2024-жылдын 27-декабрында Чилидеги El Sauce обсерваториясында табышкан. Астрономдордун айтымында, анын диаметри 40 метрден 90 метрге чейин жетет. Жаңы жылга жакын астероид NASA тарабынан өзгөчө көңүл бурууну талап кылган объект катары таанылган.