Бишкекте гараждык кооперативдин ордуна жаңы мектеп курулмай болду. Дареги

Бишкекте "Көк-Жар" кичи районундагы гараждык кооперативдин ордуна жаңы мектеп курулат. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда калаа мэриясынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, жаңы мектепти долбоорлоо жана куруу үчүн Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментине өткөрүлүп берилди.

"2024-жылдын 9-октябрында Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан 710 объектти өз ыктыяры менен демонтаждоо боюнча билдирүү жөнөтүлгөн. Бүгүнкү күндө 640 гараж ыктыярдуу түрдө демонтаждалды", - деп айтылат маалыматта.

Билдирүүдө көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаган учурда башкармалыктын адистери "Тазалык" ишканасы менен биргеликте объекттерди бузары кошумчаланды.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан