Зеленский Трампка азгырыктуу келишим сунуш кылууда

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы менен мамилени чыңдоо жана орус-украин согушунда Вашингтондун Киевге колдоосун камсыздоо үчүн сейрек кездешүүчү металлдарды казып алуу боюнча өнөктөштүктү сунуштады. Рейтер агенттигине берген маегинде ал баалуу ресурстук кендердин мурда классификацияланган картасын көрсөтүп, сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирди.

"Эгер келишим тууралуу сөз кыла турган болсок, анда аны түзөлү", - деген Зеленский Украинанын өнөктөштөрүнүн коопсуздук кепилдигине муктаж экенин баса белгиледи.

Ал ошондой эле АКШ менен Орусиянын ортосундагы мүмкүн болгон сүйлөшүүлөрдүн алдында Трамп менен жеке жолугушуу зарылдыгын билдирди.

"Болбосо, бул Украинасыз Украинанын тагдыры тууралуу диалог болот", - деп баса белгиледи ал.

Зеленскийдин интервьюсу Трамптын Украинанын президенти менен боло турган жолугушуусу тууралуу билдирүүсүнө дал келди. Франс Пресс агентиги (AFP) анын Япониянын премьер-министри менен жолугушуусунан кийинки маалымат жыйынында Зеленский менен келерки аптада жолугарын айтканын жазды.

Трамп Зеленский менен жакынкы күндөрү Вашингтондо жолугушуу болорун жана согушту токтотуудан тышкары Украинанын сейрек кездешүүчү жер ресурстары маселеси да күн тартибинде болорун ырастады. Анын айтымында, Вашингтонго АКШ Киевге көрсөткөн жана бере турган бардык жардам үчүн акчанын ордуна бир нерсе керек.

"Мындан ары эч ким Кошмо Штаттарды өз кызыкчылыгына колдонбойт" - деп кошумчалады ал.

Жакында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугасызбы деген суроого Трамп, "Мүмкүн" деп жооп берди.

Эске салсак, Дональд Трамп дүйшөмбү күнү Орусияга каршы согушта каржылык колдоо үчүн Украинадан сейрек кездешүүчү металлдарды алууну каалап жатканын билдирген.

Украина буга чейин өнөктөштөрүнө 2024-жылдын күзүндө маанилүү кендерди казып алууга инвестициялоону сунуштаган. Зеленский Рейтер агенттигине берген маегинде өлкөнүн минералдык ресурстарынын 20 пайыздан азы, анын ичинде сейрек кездешүүчү жердин жарымы Орусиянын оккупациясында экенин айткан.

Сейрек кездешүүчү элементтер электр кыймылдаткычтарын, турмуш-тиричилик электроникасын жана аскердик техниканы өндүрүү үчүн зарыл. Киев Орусия өзүнүн ресурстарын өнөктөштөрү Түндүк Корея менен Иранга өткөрүп бериши мүмкүн деп кооптонууда.

Зеленский Украина титандын жана урандын Европадагы эң чоң запастарына ээ экенин, титан кендери аскердик аракеттерден алыс, батыш аймактарда топтолгондугун кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан