Кыргызстандын курама командасы коңшу Кытайдын Харбин шаарында өтүп жаткан IX Кышкы Азия оюндарынын ачылыш аземинде параддан өтүштү. Анын видеосун президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен барган президент Жапаров ачылыш аземге жубайы менен чогуу катышты.
“Биздин спортчуларыбызга ийгилик”, - деп жазды мамлекет башчысы.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын улуттук курама командасында спорттун алты түрү: хоккей, керлинг, слалом, лыжа жарышы, биатлон жана көркөм муз тебүү боюнча 40 спортчу бар. IX Кышкы Азия оюндары 7-февралдан 14-февралга чейин Харбинде өтөт. Ага Азиянын 34 өлкөсүнөн жана региондорунан 1270тен ашык спортчу катышат.