Бишкекте жүргүнчү ташыган автобустардын биринде айдоочу менен жүргүнчү аялдын ортосунда чыр чыкты. Окуянын видеосун бүгүн, 8-февралда Спутник маалымат агенттиги бөлүштү.
Видеодо жүргүнчү аял айдоочуну каалаган жеринен токтобой, алдыңкы эшикти ачпай койгондугу үчүн каргаганын көрүүгө болот. Ал айдоочунун "арткы эшиктен түшүңүз" дегенине көнбөй, көгөрүп, алдыңкы эшиктин түбүнө "ачып кой" деп туруп алган.
Бир маалда берген акчасын милдет кылып, айдоочуну "эшек десе, өмүрү жыргабай кал, жолуң буулуп калсын" деп оозго алгыс сөздөр менен каргаган. Акыры сыртка арткы эшиктен түшкөнгө мажбур болгон.