Эрдоган Франциянын президенти менен сүйлөштү. Анда эмне кеп болду?

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен телефон аркылуу сүйлөштү, анда эки тараптуу мамилелер, ошондой эле аймактык жана глобалдык маселелер талкууланды. Бул тууралуу түрк басылмалары жазды.

Президент Эрдоган Анкара менен Париждин ортосундагы диалогдун кеңейиши өзгөчө коргонуу өнөр жайындагы кызматташтыктын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизе аларын белгиледи. Анын айтымында, Түркия менен Франциянын түрдүү тармактарда кызматташуусу үчүн олуттуу потенциалы бар.

Түрк лидери да Европа Биримдигинин Сирияга каршы санкцияларын токтотуу чечимин колдоп, бул кадамды негиздүү деп атады. Келечекте чектөөлөрдүн толугу менен алынып салынышынын маанилүүлүгүн баса белгилеп, Түркия Сирияга жардамын улантат деп ишендирди.

Мындан тышкары ал ХАМАС менен Израилдин ортосундагы ок атышпоону сактоо, ошондой эле жаңжалды мүмкүн болушунча тез арада узак мөөнөттүү чечүү боюнча ишти баштоо зарылдыгын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан