Илон Маск АКШ аскердик стратегиясын тез арада реформалашы керектигин айтты

Америкалык миллиардер жана Дональд Трамптын кеңешчиси Илон Маск эгер АКШ аскердик стратегиясын тез арада реформалабаса, келечектеги кагылышууларда жеңилип калуу коркунучу бар экенин айтты.

"Америкалык курал программалары толугу менен кайра иштелип чыгышы керек. Тез арада кескин өзгөрүүлөр болмоюнча, Америка кийинки согушта абдан жаман жол менен утулуп калат", - деп жазган ал X соцалдык тармагына.

Маск дрондорду жана жасалма интеллектти заманбап согуштун негизги элементтери деп атады. Ошол эле учурда ал америкалык учкучсуз учактардын технологиялык потенциалына карабастан, өндүрүшүнүн жай темптерин сынга алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан