Орусия Ураинанын ири шаарын басып алып, аталышын өзгөрткөнүн жарыялады

Орусиянын Коргоо министрлиги 7-февралда Украинанын Донецк облусундагы Торецк шаарын көзөмөлгө алып, аны "Дзержинск" (Совет доорунда колдонулган аталыш) деп атаганын жарыялады.

Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн 26 миңден ашык аскери, анын ичинде чет элдик жалданма жоокерлер жана "Азов" согушкерлери жоготууга учураган.

Киев бул маалыматтарды азырынча тастыктай элек. Украинанын DeepState долбоорунун картасында Торецкти дээрлик толугу менен орус аскерлери басып алганын көрсөтүп турат.

Шаар үчүн салгылашуулар жети жарым айдан бери жүрүп жаткан. Эгер маалымат так болсо, согушка чейинки 35 миңдей калкы бар Торецк 2023-жылдын май айында Бахмутту басып алгандан бери Орусиянын Куралдуу күчтөрү басып алган эң чоң шаар болуп калат. Алар Бахмутту расмий түрдө "Артёмовск" деп аташат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан