Бишкекте көптөн бери көчөдө токтоп турган алты унааны жүктөп кетти (сүрөт)

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен Биринчи май районунун аймагында кароосуз калган унааларды эвакуациялоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда калаа мэриясынан кабарлады.

Маалымдалгандай, Волков көчөсүнүн Патрис-Лумумб көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө узак убакыт бою (бир айдан бир нече жылга чейин) токтоп турган 6 унаа эвакуацияланды.

Биргелешкен иш-чараны Биринчи май райондук администрациясы, №15 муниципалдык аймактык башкармалыгы, Патрулдук милиция башкармалыгы жана Биринчи май РИИБ уюштурду.

"Бул багыттагы иштер улантылат. Урматтуу шаардыктар, унааңызды узак мөөнөткө бош калтырбоону, токтотуу эрежелерин сактоону жана бардык жол кыймылынын катышуучуларынын кызыкчылыгын эске алууңуздарды суранабыз", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан