Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусия Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу орус басылмалары жазды.
"Орусия сүйлөшүүлөргө даяр, биз бул тууралуу бир нече ирет айтканбыз. Баарынан мурда мамлекет башчысынын деңгээлинде. Мындай даярдык сакталууда. Орусия сүйлөшүүлөргө ачык", - деген Песков журналисттерге.