Өзбекстандын Сурхандарья облусунун бажы кызматкерлери 612 килограмм баңгизатын кармашты. Тыюу салынган заттар Ооганстандан шыпыргынын арасына катылып, алынып келинген. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, 13,5 тонна шыпыргы жүктөп келе жаткан оор жүк ташуучу унаа токтотулуп, тинтүүгө алынган. Анын натыйжасында 612 килограмм салмактагы баңгизат табылган. Анын наркы 16,5 миллион долларды түзө тургандыгын кошумчаланган.
Учурда тергөө иштери жүрүп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.