АКШда дагы бир учак кырсыктады (видео)

АКШнын Аризона штатынын Скоттсдейл аэропортунда сегиз жүргүнчүсү бар Learjet 35A бизнес учагы кырсыкка учурады. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалымдалгандай, учак конгон соң, аба майданынын учуп-конуу тилкесинен чыгып кеткен. Анын кесепетинен 18 орундуу Gulfstream 200 бизнес учагын сүзүп алган.

Кагылышууда 1 жаран каза болуп, 3 жүргүнчү ооруканага жеткирилген. Мындан тышкары 5 жүргүнчү учактын ичинде чыга албай калган. Жеринде куткаруу иштери жүргүзүлгөндүгү маалыматта кошумчаланган.

Кырсык кечээ, 10-февралда жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:00 чамасында болгон. Learjet 35A Техас шаарынан учуп келген. Куткаруу операциясы учурунда бийлик аэропортту убактылуу жапкан.

АКШда дагы бир учак кырсыктады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан