Франциянын лидери Эммануэль Макрон Парижде өтүп жаткан жасалма интеллектке байланыштуу саммиттин башталар алдында Индиянын премьер-министри Нарендра Модиге колун сунган жок. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып, видеосу тарады.
Тасмадан Макрон бир нече өлкөнүн жетекчилери жана өкүлдөрү менен учурашып келе жатып, Модини байкамаксанга салып койгондугун көрүүгө болот.
Маалыматта кошумчалангандай, эртең, 12-февралда Моди менен Макрон Франциянын түштүгүндө жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөт.