Армения парламентинин депутаттары “Армениянын Евробиримдикке кошулуу процессинин башталышы жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Январдын башында мыйзам долбоору өлкөнүн Өкмөтү тарабынан колдоого алынган. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.
Арменпресс билдиргендей, демилгеге 63 депутат «макул», жетөө «каршы» добуш берди.
Мыйзам долбоорун бийликтеги “Жарандык келишим” фракциясы жактырды. “Ар-намысым бар” оппозициялык альянсы каршы добуш берди. Ал эми оппозициялык фракция “Армения” добуш берүүгө катышуудан баш тартты. Армения өкмөтү билдиргендей, эгер документ парламентте жактырылса, бийлик Брюсселдеги кесиптештери менен евроинтеграция процессинин “жол картасын” талкуулап, андан соң өлкө Евробиримдикке кирүү боюнча референдум өткөрөт.
Мыйзам долбоорун жарандык активист Артак Зейналян бир нече коомдук уюмдардын атынан 50 миңден ашык кол топтоп сунуштаган. Бул кадам коопсуз жана өнүккөн өлкөнү курууга багыт алуу экендиги маалыматта кошумчаланган.