Магеллан кысыгында 24 жаштагы жигит киттин оозуна кирип чыкты (видео) 

Чилинин Патагония аймагына жакын жердеги Магеллан кысыгында 24 жаштагы каякчы Адриан Симанкас киттин оозуна түшүп кеткен. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалымдалгандай, чилиликти кит жутуп, бир нече секунддан кийин түкүрүп жиберген.

Адриандын атасы Делл Симанкас ошол учурду видеого тартып алганга үлгүргөн. Андан соң ата-бала жээкке аман-эсен кайтып келишти.

Окуя 8-февралда болгон, кол салуу тартылган тасма интернет желесине желдей тарады.

14.02.2025
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан