“Автобустар окуучуларды акысыз ташыйт”. Ош мэриясы жаңы техникалуу болду

Бүгүн, 14-февралда борбордук аянтта курулуш компаниялардын бири тарабынан Ош шаарынын мэриясына жаңы техникалар тапшырылды. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Алар:

- Faw Tiger VN суу ташуучу унаа;

- Faw Tiger VN таштанды жүктөөчү унаа;

- Sany SY155W Жеркелгич (экскаватор);

- Iveco Hongyan Genion жүк түшүрүүчү унаа;

- Isuzu Sav HD50 үлгүсүндөгү 3 автобус.

Маалымдалгандай, иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев катышып, аталган курулуш компаниясынын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, жаңы автобусту өзү сынап көрдү.

Көрсөтүлгөн атайын техникалар “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасына, ал эми автобустар болсо, Жапалак, Жибек Жолу жана Алымбек-Датка муниципалдык айылдык аймактык башкармалыктарына берилди. Эми автобустар аталган аймактардагы окуучуларды билим берүү мекемелерине акысыз жеткирүү үчүн пайдаланылат”, - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан