Москвада жолдо болгон чырда таксистке карата бир нече ок атылды (видео) 

Орусиянын борбору Москва шаарында жолдо болгон чыр-чатактан улам кытайлык кроссовердин айдоочусу тапанча менен таксистти жарадар кылды. Бул туурасында орус басылмалары жазышты.

Маалымдалгандай, алар алгач жол талашып тиреше кетишкен. Андан соң, Кытай унаасынын айдоочусу травматикалык тапанча менен таксистти көздөй бир нече ирет ок чыгарган.

Учурда полиция бардык жагдайларды эске алуу менен тергөө иштерин жүргүзүүдө. Күнөлүү айдоочуну издөө иштери жүрүп жаткандыгы маалыматта кошумчаланган.

Ал эми таксистке “Тез жардам” кызматкерлери жеринде жардам берген.

Москвада жолдо болгон чырдан кийин таксистке ок атылды
Окуя кандай болгон?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан