Тайванда аскердик учак жерге кулады

Тайвань аскердик аба күчтөрүнүн жаңы иштелип чыккан, окуу-машыгуу учагы жерге кулады. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалымдалгандай, учактын кыймылдаткычы иштебей калган. Учкуч өз учурунда анын ичинен чыгып кеткенге үлгүргөн. Ал эми учак деңизге кулап түшкөн.

Бул окуя Тайвандын мамлекеттик компаниясы тарабынан куралган, бюджети 68,6 миллиард NT$ (2,1 миллиард доллар) болгон AT-5 “Brave Eagle” үчүн биринчи чоң ийгиликсиздик болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан