Бүгүн, 15-февралда Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун боюнда айлана-чөйрөнү жашылдандыруу, көрктөндүрүү ишембилиги өттү. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, ишембиликте 2000 түп тянь-шань карагайын отургузуу пландалган. Ага министр Бообек Ажикеевдин жетекчилигинде куткаруучулар, токойчулар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Бул жылы Кемин районунан Балыкчы шаарына чейинки унаа жолунун 50 чакырымдык бөлүгүндө бак отургузуу каралган.
Эске салсак, буга чейин аталган иш-чаранын алкагында 500 түп ийне жалбырактуу, тянь-шань карагайы отургузулган.