Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн кызматкерлери №40 мектептин окуучулары менен биргеликте жакшылыкка чакырып, зордук-зомбулукту айыптаган видеотасма тартышты.
Акция өз ара урматтоонун жана чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурууга багытталган.