Малиде алтын кениндеги кырсыктан улам 48 адам каза болду

Батыш Африкада жайгашкан Мали өлкөсүндөгү алтын кенинде кырсык катталып, 48 жаран каза болду. Бул туурасында чет элдик басылмалар билдиришти.

Маалымдалгандай, каралбай калган шахта мыйзамсыз кен казуу учурунда урап түшкөн. Буга чейин аны Кытайдан келген компания иштетип келген.

Каза болгондордун арасында аял жана анын наристеси бар. Окуя болгон жерде издөө иштери уланууда, жабыркагандардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн экендиги маалыматта кошумчаланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан