Бишкекте эркектер жана кыз-келиндер арасында самбо боюнча өлкө чемпиондугу өтөт

24-26-февраль күндөрү Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркектер жана кыз-келиндер арасында спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча Кыргыстандын биринчилиги өтөт. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.
Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:
- Кыз-келиндер арасында (спорттук жана күжүрмөн самбо): 50, 54, 59, 65, 72, 80, +80 килограмм;
- Эркектер арасында (спорттук жана күжүрмөн самбо): 58, 64, 71, 79, 88, 98, +98 килограмм.
Мелдештин 24-февралда саат 10:00 башталып, расмий ачылуу аземи ошол эле күнү саат 16:00до орун ала тургандыгы маалыматта кошумчаланган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан