Президент Садыр Жапаровдун карындашы Лазат Нуркожоева Парижде өткөн Жайкы олимп оюндарынынкатышуучусу, белгилүү балбан Амантур Исмаиловга турмушка чыгууда. Эки жаштын тоюндагы видео социалдык баракчаларга тарады.
Бирок бул тасма сөйкө салуусунда же кыз узатуу тоюнда тартылгандыгы азырынча белгисиз. Тасмада кызды улуттук каада-салт менен жеңелери жолдошунун жанына алып баргандыгын жана көрүндүк чогултуп жаткандыгын байкоого болот.
Ал эми эки жаштын тоюн тамада Кубаныч Баркалбасов алып барган.
Айта кетсек, кечээ, 15-фералда Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде Нуркожоеванын кыз узатуу аземи өткөндүгү айтылган. Ал эми үлпөт той 21-февралга белгиленген.