Сауд Арабияга АКШ, Орусия жана Украинанын өкүлдөрү келишти

АКШ делегациясы Сауд Арабияга орус өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн барды жана бул сүйлөшүүдөн жакшы жылыш болот деген үмүт бар. Бул тууралуу АКШ президентинин Жакынкы Чыгыш боюнча өкүлү Стив Виткофф Fox News телеканалына берген маегинде билдирди.

"Мен бүгүн ал жакка улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи менен барам. Биз президенттин атынан жолугушууларды өткөрөбүз жана бул сүйлөшүүдө Орусия менен Украинанын ортосунда жылыш болот деп ишенем", - деген Виткофф.

Ал Украина сүйлөшүүлөргө катышпайт деген сөзгө кошулбастыгын билдирди.

Трамп Владимир Зеленскийге телефон чалганын эске салган Виткофф: "Украина сүйлөшүүлөрдүн бир бөлүгү деп эсептейм", - деп кошумчалаган.

Кечээ, 16-февралда Украинанын экономика министри Юлия Свириденко Украинанын өкмөттүк делегациясы Сауд Арабияда ишин баштаганын жана Владимир Зеленскийдин бул өлкөгө сапары даярдалып жатканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан