Путиндин маалымат катчысы ал телефондук сүйлөшүүлөрдү кантип жүргүзөрүн түшүндүрдү

Орусиянын президенти Владимир Путин телефондук сүйлөшүүлөрдү адатта жалгыз жүргүзөт, бирок зарыл болгон учурда айрым маселелерди талкуулоо үчүн тиешелүү жардамчыларын чакырат. Бул тууралуу орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

"Москва. Кремль. Путин" программасынын алпаруучусу Павел Зарубин Песковго АКШнын президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Путиндин жанында ким бар эле деген суроо узаткан.

"Адатта, президент телефон аркылуу сүйлөшкөндө аны эч ким коштоп жүрбөйт. Көбүнчө ушундай болот. Бирок керек болсо, албетте, мамлекет башчысы өзү зарыл деп эсептеген жардамчыларын айрым маселелерди талкуулоого чакырат", - деди Песков.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан