Токторбаев Оштогу ректорлорго талап койду

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 17-февралда жогорку окуу жайлардын ректорлору жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлады.
Маалымдалгандай, анда Ак-Буура дарыясынын жээгинде жайгашкан мыйзамсыз курулуштарды сүрдүрүү жана жогорку окуу жайлар тарабынан тосуп алынган тротуарларды ачуу маселеси каралды. Дарыянын жээгиндеги суу коругуна салынып кеткен турак үйлөрдү, тосмолорду, коомдук тамактануучу жайларды, соода түйүндөрдү мыйзам чегинде карап чыгып, алып салуу жана ал жерлерге сейил бак, скверлерди куруу маселеси көтөрүлдү.
Мындан сырткары аймактагы жогорку окуу жайлар тарабанын тосуп алынган жерлерди, тротуарларды ачуу, студенттер жана мугалимдер үчүн кошумча унаа токтотуучу жайларды уюштуруу талабы коюлду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан