Жаш кезинен атактуулукка жетише алган Түштүк кореялык актриса Пак Шин Хе 35 жашка толду 

Бүгүн, 18-февралда Түштүк кореялык белгилүү актриса Пак Шин Хе 35 жашка толду. Ал окуучу кезинен тарта түрдүү кыска тасмаларга тартылып, карьерасын жаш кезинде баштай алган. Актрисага күтүлбөгөн атактуулук "Бейиш дарагы" дорамасында жараткан ролунан кийин келген. Бул тасмада анын ролуна түрдүү ойлор айтылганы менен, көптөгөн күйөрмандарды чогултууга жетишкен. Ошондон кийин Пак Шин Хе жарнамалык роликтерге тартылып, Азия компанияларынын жүзүнө айланган. Учурда Пак Шин Хе корей киносунда эң ийгиликтүү актрисалардын катарын толуктап келет.

Ал 1990-жылы 18-февралда төрөлгөн. Актриса эки бир туугандын кенжеси, анын бир агасы бар. Ал мектепте окуп жүргөн кезинде клипке тартылууга кастингге катышып, тандалып калган. Ага алгачкы атактуулукту ошол клиптеги ролу алып келе алган. Пак Шин Хе мектепти бүтүргөндөн кийин Сеулдагы Чунг-Анг университетине тапшырган. Ал жакта окуп жүргөн кезинде жаш актриса дагы башка клиптерге жана жарнамалык тасмаларга тартыла баштаган.

Пак Шин Хе жаш кезинде өзүн ырчы катары дагы сынап көрүүнү чечип, бир нече саундтрек жана ырларды жаздырган. Актриса корей дорамасындагы жолун "Асманга карай тепкич" аттуу тасмага тартылуу менен баштаган. Аталган тасмага тартылуу менен ал өзүнө болуп көрбөгөндөй күйөрмандарды топтоого жетишкен. Андан кийин атактуулуктун жаңы тепкичи "Бейиш дарагы" сериалына тартылгандан кийин келген. Сериалга тартылуу менен жаш актриса өзүндөгү талантты дагы да элге көрсөтө алган. Бул тасма актрисага өтө чоң жол ачып берди десек болот, себеби тасма жарыкка чыккандан кийин актрисага көптөгөн сунуштар түшкөн.

Андан кийин актирса айым "Каардуу эгиз", "Сүйүү коркунучу" тасмаларына тартылып, Түштүк Кореядагы эң белгилүү тасмалардын бири "Хансарай" сериалына тартылууга сунуш алган. Бул сериал 2007-жылы "эң көп көрүүчү топтогон тасма" деген наамга ээ боло алган.

Ал эми 2010-жылы "Сиранонун таанышуу агенттиги" тасмасында жараткан ролу үчүн кадыр-барктуу "Beaksang Arts" сыйлыгын алганга жетишкен. Көп өтпөй актрисанын атагы Азиянын башка өлкөлөрүнө дагы тарап, күйөрмандарынын саны өсө баштаган. Андан кийин Пак Шин Хе бир нече сериалдарда башкы каармандын ролун жаратып, күйөрмандарынын купулуна толо алды.

Ошондой эле анын нукура сулуулугу ага атактуу модель болууга дагы мүмкүнчүлүк берди. Себеби ал дүйнө элине актриса гана эмес модель катары дагы таанымал. Ал абройлуу бренддердин, Азиядагы атактуу компаниялардын, кийим-кече, косметика жана атыр өндүрүүчүлөрдүн жарнамаларына тартылып, алардын жүзү болуп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан