Владимир Зеленский Дубайдагы "Москва" мейманканасына түнөдү

Бириккен Араб Эмираттарына барган украиналык делегация Дубайдагы "Москва" мейманканасына жайгаштырылды. Мындай маалымат Владимир Зеленскийдин жубайы Елена Зеленская социалдык тармагында сүрөт жарыялагандан кийин белгилүү болду.

Елена Зеленская мейманкананын атын көрсөтпөстөн жыйындар залынын ичиндеги сүрөттү жарыялаган. Журналисттер бул сүрөт Moscow Hotel мейманканасында тартылганын такташкан.

Украин делегациясы БАЭге бир күн мурун, 17-февралга караган түнү келген. Маалыматка ылайык, бул жерде Зеленский украиналык туткундарды өткөрүп берүү жана аларды мекенине кайтаруу мүмкүнчүлүгүн талкуулаган.

Айтмакчы, мейманкананын рейтинги өтө деле жакшы эмес. Мейманкана төрт гана жылдыздуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан