Канаданын Торонто шаарындагы аэропортко конгондо оодарылып кеткен учактан жүргүнчүлөрдүн чыгып жатканын көрсөткөн видеолор тарады. Америкалык “Delta Airlines” компаниясынын учагы “Лестер Б.Пирсон” эл аралык аэропортуна конуп жатып оодарылып кеткен.
Маалыматка караганда, учакта 80 адам болгон, алардын 18и жарадар болуп, 17 жүргүнчү жергиликтүү ооруканаларга жеткирилген.
Кырсыкка эмне себеп болгону так белгисиз. Аймактагы аба ырайынын кескин өзгөрүшү менен болуп жаткан бороон-чапкындан улам болушу мүмкүн экени айтылган.