Владимир Зеленский түрк элине ыраазычылык билдирди

Украинанын президенти Владимир Зеленский Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен биргелешкен маалымат жыйынында эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлин баса белгилеп, түрк элине Украинага көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

"Биздин мамилебиз жогорку деңгээлде калууда жана бул үчүн президент Эрдоганга жана бүт түрк элине ыраазычылык билдирем", - деди Зеленский.

Ал Түркия Украинанын аймактык бүтүндүгү жана суверенитети маселелери боюнча принципиалдуу позицияны карманарын, Киев муну жогору баалай турганын белгиледи. Мындан тышкары Зеленский Анкара украиналык аскер кызматкерлерин жана жарандарды бошотууда маанилүү роль ойноп, алардын кайтып келүү процессин жеңилдеткенин эске салды.

Украин лидери ошондой эле коопсуздук темасында ачык диалог жана эл аралык аракеттерди координациялоонун маанилүүлүгүн белгилеп, Украина Түркия менен бардык негизги тармактарда карым-катнашын уланта турганын белгиледи.

Сапардын жүрүшүндө Анкара менен Киев билим берүү тармагында кызматташуу келишимине, ошондой эле медиа жана стратегиялык коммуникация тармагында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Документтерге эки өлкөнүн министрлери жана расмий өкүлдөрү кол коюшту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан