"Бороонго байланыштуу". "Арал" постунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Бишкек - Ош унаа жолунда бороон болуп жаткандыгына байланыштуу бүгүн, 18-февралда саат 19:30дан тарта Токтогул районунун “Арал” постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, мындай чечим кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында кабыл алынды.

ӨКМ унаа жолдун абалы жакшырган учурда чектөө алынарын жана кошумча маалымат берилерин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан