Бүгүн, 18-февралда Ош шаарынын мэриясынын коммуналдык кызматтарына жаңы атайын техникалар тапшырылды. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлады.
Маалымдалгандай, мэр Жеңишбек Токторбаев жеке ишкер Улукбек Абиевге коммуналдык кызматтарга эки жүк ташуучу жеркелгичти (экскаватор) жана бир жүк түшүрүүчү унааны белекке бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Белгилей кетсек, 20 күн аралыгында Ош шаарынын мэриясына демөөрчүлөр тарабынан жалпы 21 жаңы техника тапшырылды.