Макрон 3 жылдан кийин Путин менен сүйлөшүү ниетин билдирди

Франциянын лидери Эммануэль Макрон Орусия президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, азырынча анын так убактысы айтыла элек.

"Эгер мындай сүйлөшүү Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр үчүн пайдалуу болсо, мен Владимир Путин менен дагы сүйлөшөм", - деп белгиледи француз лидери.

Мындан тышкары ошол эле күнү Франция биринчи сүйлөшүүлөргө катышпаган Евробиримдиктин (ЕБ) өлкөлөрү жана Канада менен Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу жана Европанын коопсуздугун талкуулоо үчүн экинчи жолугушууну өткөрүүнү көздөп жатканы кабарланган.

Белгилей кетсек, Орусия менен Франциянын президенттеринин акыркы телефондогу сүйлөшүүсү 2022-жылдын 11-сентябрында Париждин демилгеси менен болгон. Андан соң Путин менен Макрон Украинанын айланасындагы кырдаалды, анын ичинде Запорожье атомдук электр станциясынын коопсуздугун камсыздоо жана азык-түлүк келишимин талкуулашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан