“Рэкетир 3”. Жылдын эң күтүлгөн тасмасынын жабык көрсөтүүсүнөн репортаж

Казак туугандар тарткан "Рэкетир 3" тасмасы эми Кыргызстанда. Фильмдин 1-бөлүгү 2007-жылы тартылса да ушул убакытка чейин элдин эсинде. Анткени кинодо 90-жылдардагы жашоо, ошол кездеги кылмыштуулук жана рэкетчилик чагылдырылат. Тасма дароо көпчүлүккө жагып, бир гана Казакстан эмес, Орто Азияга аты чыккан.

Мындан улам 2015-жылы “Рэкетир 2” тартылcа, арадан 10 жыл өткөндөн кийин тасманын жаратуучулары 3-бөлүгү менен көрүүчүлөрүн кубандырды. Тасманын жабык көрсөтүүсү үчүн Казакстандан фильмдин режиссёру, башкы ролду аткарган актёрлору атайын Бишкекке келди. Эми Кыргызстандын бардык кинотеатрларынан “Рэкетир 3” тасмасын көрө аласыздар.

Фильмдин жабык көрсөтүүсүнөн даярдалган материалды толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрүңүздөр!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан