Бишкектеги Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунун имараттары өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бербейт. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Өрттү көзөмөлдөө кызматы текшерүүгө алганда оорукананын негизги имараттары өрт коопсуздук талаптарына жооп бербей турганы аныкталды. Одоно бузууларды калыбына келтирүүгө 30 күн убакыт берилип, көзөмөлдүк текшерүүгө чейин кемчиликтерди жоюу боюнча эскертмелер берилди.
Ири материалдык чыгымдарга жана адам өлүмүнө жол бербөө үчүн ӨКМ адистери алгач өрт коопсуздугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.