Владимир Путин Ксения Собчакты атасынын эскерүү күнүндө кучактады

Орусиянын президенти Владимир Путин Анатолий Собчакты эскерүү кечесинен кетип жатып маркумдун жубайы Людмила Нарусова жана кызы Ксения Собчак менен жылуу коштошту. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

Кечээ, 19-февралда Санкт-Петербургдун биринчи мэринин каза болгонуна туура 25 жыл болду. 1990-жылдары ал Путин менен мэрияда чогуу иштешкен.

Собчакка арналган салтанаттуу кечеде Путин сөз сүйлөдү. Он мүнөттүк сөзүндө ал жагымдуу эскерүүлөр менен бөлүшүп, мурдагы лидеринин эң жакшы мүнөздөмөлөрүн айтты. Концерттен чыгып бараткан Путин маркумдун кызы менен жубайына жакындап, кыскача сүйлөшкөн. Андан кийин Ксения Собчакты кучактап, бетинен өөп коштошкон.

Буга чейин Путин Васильевский аралындагы эстеликке гүл коюуда алар менен кыскача баарлашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан