Беларустун президенти Александр Лукашенко Орусия менен АКШ делегацияларынын Эр-Рияддагы сүйлөшүүлөрүнө комментарий берип жатып, Вашингтон Орусияны Кытайга каршы коюуга аракет кылышы мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу БелТА басылмасы жазды.
Беларус лидеринин айтымында, АКШ эмнени каалап жатканы табышмак бойдон калууда.
"Биз алар согушту токтотуу үчүн Орусиядан эмне талап кыларын билбейбиз. Менимче, алар эми Орусияны Кытайга каршы коюуга аракет кылышы мүмкүн. Буга Орусия жол бербеши керек. Мен муну ушул маселелерге толугу менен аралашкандыктан айтып жатам", - деген Лукашенко.
Орусия менен АКШнын делегацияларынын сүйлөшүүсү 18-февраль күнү Эр-Риядда өткөн.