Бүгүн, 21-февралда Парижде өткөн Жайкы олимп оюндарынын катышуучусу, белгилүү балбан Амантур Исмаилов менен президент Садыр Жапаровдун карындашы Лазат Нуркожоеванын үйлөнүү тою өтүп жатат.
Эки жаштын тоюндагы видео социалдык тармактарда тарады. Маалыматка караганда, үлпөт той Жалал-Абад шаарындагы ресторандардын биринде өтүүдө.
Белгилей кетсек, 15-февралда Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде Нуркожоеванын кыз узатуу аземи өткөн.