АКШнын президенти Дональд Трамп АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн бириккен штаб башчылары комитетинин төрагасы, генерал Чарльз Браунду кызматтан алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат агенттиктери жазышууда.
"Мен генерал Чарльз Браунга биздин өлкөгө 40 жылдан ашык кызмат кылганы үчүн, анын ичинде ушу кездеги Бириккен штаб башчылары комитетинин төрагасы катары эмгектенип жатканы үчүн ыраазычылык билдирем! Ал мыкты инсан жана көрүнүктүү лидер. Ага жана анын үй-бүлөсүнө жаркын келечек каалайм" деген Трамп.
Трамп бул кызматка Аскердик аба күчтөрүнүн генерал-лейтенанты Дэн "Разин" Кейнди көрсөткөнүн айткан. Эми талапкерди Сенат бекитиши керек.